“ДИНАМО” СПОРТТУК КООМУНУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ БОЛУП ӨТТҮ

26-28-январда Кыргызстандагы “Гармония” орус маданий борборунун демилгеси менен ИИМдин “Динамо” спорттук коомунун спорттук залында “Динамо” спорттук бирикмесинин түзүлгөнүнүн 90 жылдык мааракесине арналган самбо күрөшү боюнча уландар жана өспүрүмдөр арасында эл аралык 8-мелдеш курч мүнөздө өттү. Мелдешке Казакстан жана Кыргызстандан тандалган 218 жаш балбандар 12 салмак боюнча күч сынашты. Мөөрөй талашта бардык атаандаштарын жеңип, баш байгени уткан спортчулар төмөнкүлөр болду. Эң жеңил салмакта чүйлүк Абдумалик, 38 кг салмакта казакстандык Бакдаулет Бекбосынов, 42 кг салмакта бишкектик Темирлан Уланбек уулу, 46 кг салмакта бишкектик Жаныш Рахатбеков, караколдук Адилет Букаев 50 кг, Адил Огонбаев 55 кг, Жусуп Шакиров 60 кг, бишкектик Атай Отогонов 66 кг, Юрустанбек Токторали уулу 72 кг, Акниет Кулуев 78 кг, Шакир Шакиров 84 кг жана оор салмакта бишкектик Евгений Старов баш байгени багындырып, биринчи даражадагы дипломдор, алтын медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылган жаш балбандар 2-3-даражадагы дипломдор жана күмүш, коло медалдардын ээлери болушту. Сыйлыктарды “Динамо” спорт коомунун төргасынынын орун басары, милициянын полковниги Т. Мадалиев, Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын президенти Н. Токоноев, Кыргызстандагы “Гармония” орус маданий борборунун президенти А.Степанюк, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасынын орун басары А.Хаджиев тапшырды. Бул мелдештин демөөрчүсү “Гармония” орус маданий борбору болду.
ИИМдин кесиптик дене-тарбия башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год