ИИМдин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Чемпионатынын ачылыш аземи

Бүгүн, 30-мартта Кыргыз Республикасынын ИИМинин «Динамо» түндүк спорттук базасында ИИМдин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Чемпионатынын ачылыш аземи болуп ѳттү. Бул мелдеш милиция кызматкерлеринин кесиптик, дене-тарбиялык даярдыктарын ѳркүндѳтүү максатында ѳткѳрүлүп жатат.
Мелдешке республиканын бардык облустарынан тандалып алынган 13 команда чон даярдыктар менен келишкен. Мелдештин ачылыш аземине ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков ѳзү келип катышып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады. “Кызматтык кѳп түрдүүлүк кызматкерлердин күжүрмѳн – кызматтык тапшырмаларды аткарууда, кылмышкерлер менен күрѳшүүдѳ керектүү сапаттарды калыптайт. Ошондуктан, ар бир кызматкер спорт менен машыгып, дене- тарбиясын чыңдоого милдеттүү. Спорт менен машыгуу бир гана ден соолук үчүн эле эмес, руханий жактан жана милиция кызматкеринин коомдук коопсуздукту камсыздоосу үчүн дагы пайдалуу. Сиздер көптөн бери бүгүнкү мелдешке жан үрөп даярданып келе жатасыздар. Калыстар сиздердин спорттук чеберчилигиңиздерди баалап, күчтүүлөр жеңишке жетет. Бүгүнкү мелдештин ар бир катышуучусуна ийгилик каалайм. Ар дайым спорт менен машыгып, сергек жашоодо жашаңыздар", - деди С.Өмүрзаков.
ИИМдин “Динамо” түндүк спорттук базасында ИИМдин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Чемпионаты 31-мартта аяктайт.
 



Контактные телефоны ОО КФСО «Динамо»:
Приемная: (0312) 541924 (факс)
Директор Южного спорткомплекса: 54-57-67
Директор Северного спорткомплекса: 0772 31-16-61
Главный бухгалтер: 54-04-96
e-mail: kfsodinamo@mail.ru
Мы с социальных сетях:
    


Все права принадлежат КФСО ДИНАМО
Бишкек, 2012 - 2024 год